2025-07-10
Токио-2020: Азия чемпиону Айаал Лазарев 5-августта беттешке чыгат

5-август күнү Токио Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта Кыргызстандын намысын коргойт. Бул тууралуу Токиодон спорттук баяндамачы, олимпиадалык делегациянын басма сөз катчысы Кабыл Макешов кабарлады.
Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын күмүш медалын багындырды

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды.
Башкы прокуратура: Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынат

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе же укук коргоо органдары тарабынан алып келинсе, дароо камакка алынат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Депутат Максат Эгембердиевдин апасы дүйнө салды

Жогорку Кеңештин депутаты, грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу, билим берүүнүн ошондой эле Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги Максат Эгембердиевдин апасы кайтыш болду. Бул тууралуу анын жакындары KEREEZ.KGге билдирди.
УКМК: "Кырызкөмүрдүн" директору жана "Кара-Кеченин" бухгалтери кармалды

«Кара-Кече» кенинен көмүр уурдоо боюнча "Кырызкөмүр" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.
Акыркы суткада 696 адамдан COVID-19 табылып, тогуз бейтап көз жумду

Кыргызстанда 4-августка карата коронавирус дагы 696 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.