2025-06-26
Бир жумада 13,2 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери бир жуманын ичинде республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
ИИМ министри коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз спортчулар эл аралык марафондо 4 медаль багындырышты

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү эл аралык Ташкент марафонунда 4 медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Бүгүн Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталат

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы бүгүн, 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.
Жакында Россия Кыргызстанга 500 миң доза вакцина жөнөтөт

Россия Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Штаб: Чектөөлөр киргизилбейт, бирок коопсуздук ченемдери күчөтүлөт

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди. Мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалдын деңгээлинен көзкаранды түрдө кабыл алынат.
"Каркыра" бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети 2021-жылдын 1-апрелинен тарта иштей баштайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.