2025-06-13
Ош МУда мугалимдер арасында өткөн спартакиада жыйынтыкталды

Бугүн, 19-январда Ош Мамлекеттик Университетинде окутуучулар арасында өткөрүлгөн спартакияданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Анда ар бир спорттун түрлөрүнөн байгелүү орунга жеткен командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга, ошондой эле калыстарга диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң дозасын алат

Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң дозасын алат. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Казакстанда элди жапырт эмдөө 1-февралда башталат

Казакстанда 1-февралдан тартып калкты жапырт коронавируска каршы эмдөө иши башталат. Бул тууралуу 19-январдагы өкмөт жыйынында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой кабарлады. Министрлик жыл соңуна чейин 6 миллион кишини эмдөөнү пландоодо.
Кара-Кулжа районунда заманбап спорт зал пайдаланууга берилди

Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим- Дөбө айылында заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык катчы Кылыч Каденов билдирди.
Финполдун кызматкери мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы «Т.А.Р» аттуу жаран кармалды.
Сеулда Samsung компаниясынын башчысы жана мураскору 2,5 жылга соттолду

Сеулда пара берүү иши боюнча кайра каралган сот жараяны учурунда Samsung Group компаниясынын башчысы жана мураскору Чжэ Ён Ли эки жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
23-январда Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.