2025-07-01
Samsung компаниясы “жасалма адамды” иштеп чыкты

Samsung компаниясы Neon долбоорунун алкагында алгачкы “жасалма адамды” иштеп чыкты. Азырынча “санариптик адам” боюнча конкреттүү маалымат жок.
Австралияны жапырт өрт каптады

Австралияны каптаган өрттүн кесепетинен 4 млн гектар токой күйүп кетти. 23 киши каза болуп, 17 адам жоголду. Аны менен катар 1,3 миң турак үй жана 2,5 миң администрациялык жана чарба курулуштары жок болду.
“Муз жүрөк 2” мультфильми 1,5 миллиард долларга жакын киреше алып келди

Walt Disney студиясы жараткан “Муз жүрөк 2” мультфильми дүйнөлүк кинематография тарыхындагы эң кирешелүү тасма аталды.
Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуу үчүн жеңилдетүү алуу шарттары

Сапаттуу жогорку билим – карьера жасоого бекем пайдубал болуп бере алат. Борбордук Азиядагы Америка университети гуманитардык багытта америкалык билим берүү салттарынын негизинде эл аралык, мультидисциплинардык билим берүү менен болочоктогу лидерлерди даярдайт. Окуу жайда теория менен практика эриш-аркак алып барылат. БААУ Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн гана эмес башка мамлекеттердин студенттердин эл аралык билим алышы үчүн да көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жеңилдетүүлөрдү да сунуштайт.
"Оймо" эл аралык фестивалы Караколдо өтөт

"Оймо" эл аралык фестивалы Кыргызстанда 13 жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарманке адатта жай айларында Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келген.
Айнура Сагынбаева: Медициналык туризмди өнүктүрүү багытында иштеп жатам

Айнура Сагынбаеванын ысымы сулуулук менен байланышкан. Каарманыбыз учурда Кыргызстанга пластикалык хирургиянын заманбап түрлөрүн алып келип, адистердин тажрыйбасын арттырып, Бишкектеги эң алдыңкы клиниканы жетектеп келет.
Жибек Молдоева: Ок атуу спортун өнүктүрүү үчүн бардык аракетимди жумшайм

Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясы 1992-жылы аталган спорт түрүн жайылтуу максатында негизделген. Федерациянын учурдагы президенти Саламат Эргешов бул спортту өнүктүрүүдө заманбап ок атуу комплекстерин куруп, ок атуу боюнча келечектин чемпиондорун өстүрүүдө. Бул спорт айрыкча быйыл абдан жанданып, Кыргызстанда эл аралык биринчиликтерди өткөрүүгө жетишилди. Ок атуу спортун жайылтууда федерациянын Башкы катчысы Жибек Молдоеванын да салымы чоң.