2025-05-20
УКМК: Эң керектүү 500дөн ашык дарынын баасы арзандатылды

Дары-дармектин бааларын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында мекемелер аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте керектүү болгон дары-дармекти арзандатуу иштерин жүзөгө ашырды.
Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата активдүү жаштар сыйланды

Бүгүн, 10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Ош шаардык мэриясы активдүү жаштарды сыйлады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чакан жана орто бизнести колдоо. Кыргызстан соода маалымат порталын ишке киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Европа биримдиги (ЕБ) жана Эл аралык соода борбору (ЭСБ) инклюзивдүү экономикалык өнүгүүгө жана транс чек аралык сооданы ачык-айкын жүргүзүүгө түрткү берүү үчүн “Кыргызстандын соода маалымат порталын” ишке киргизди. Соода порталы КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылмакчы.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын музейи ачылды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын музейи ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Булганыч аба: Бишкек дүйнөлүк рейтингде 92 шаардын ичинен сегизинчи орунда турат

World Air Quality дүйнөлүк рейтингинин сайтында маалымдалгандай, Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөнүн калган 92 шаарынын ичинен 8-орунда турат.
COVID-19 боюнча статистика: 46 жаңы учур катталса, илдеттен 3 адам каза болду

Кыргызстанда 10-ноябрга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Кыргызстандын Италиядагы элчилиги ачылды

Кечээ, 9-ноябрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.