2025-07-07
Садыр Жапаров маалымат жыйынында өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгиледи.
Акылбек Жапаров республиканын банкынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн коммерциялык банктарынын жетекчилери менен өткөн бизнес-ланчка катышты.
Эртең президент Садыр Жапаров ЖМК үчүн маалымат жыйынын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 23-октбярда атамекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошто табигый жана так илимдерди тереңдетип окуткан жаңы инновациялык мектеп ачылды

Ош шаарында табигый жана так илимдерди тереңдетип окуткан жаңы “Иновациялык жана лидерлик академия” аттуу жаңы инновациялык мектеп ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
«Шоро» компаниясы сүт өндүрүү үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алат

«Шоро» компаниясы Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен кредиттик келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Акимдердин ыйгарым укуктары боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду.
ОшМУда Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борбору ачылды

Ош мамлекеттик университетинин базасындагы Достук, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.