Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Назира Бейшеналиева КРдеги Америкалык соода-сатык палатасынын төрайымы катары 6 жыл кызмат кылып, ал аралыкта көптөгөн улуттук жана эл аралык долбоорлорду жемиштүү ишке ашырып, бул тармакка жаңы түшүнүктөрдү киргизип, жаңычыл иштөө усулу менен палатанын ишин кыйла алга сүрөдү. Акыркы 6 жылда жасалган алгылыктуу иштер жөнүндө Назира Бейшеналиева менен маектештик.
Асема Маликова кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду алды

Азиянын төрт жолку чемпиону Асема Маликова кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду багындырды. Ал финалда түркиялык спортчу менен беттешти. Машыктыруучусу - Талант Шадыбаев. Кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигине 70тен ашык өлкөнүн спортчулары катышып жатат.
Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

22-августта Ысык-Көл облусунда КМШга мүчө мамлекеттердин арасында жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы өтүүдө. Иш-чара Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан башка кызыкдар ведомстволор жана уюмдар менен биргеликте уюштурулган.
Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун багыт алуу программасы - Борбор Азиядагы уникалдуу программа эсептелет. Ал биринчи курстун студенттери үчүн бир апталык тимбилдингдик иш-чара катары башталып, учурда эки аптага созулган толук кандуу программа болуп өсүп жетилди. Багыт алуу программасы студенттерди гуманитардык билим берүүнүн негизи болгон маанилүү интеллектуалдык, маданий жана көркөм идеялар менен тааныштырып, “БААУнун уникалдуу духу” тууралуу түшүнүк берет.
БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти Тимоти О'Коннор БААУнун студенттери, окутуучулары жана кызматкерлерине куттуктоо катын жолдоду.
БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) - гуманитардык илимдер тармагындагы алдыңкы окуу жай. Университетте америкалык система менен билим берилет. “QS 2024” рейтингине ылайык, БААУ - Кыргызстандагы мыкты университет болуп саналат жана Борбордук Азиядагы алдыңкы он окуу жайлардын катарына кирет. БААУнун магистратура программасы студенттерге эл аралык стандарттагы билим алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле кесиптик жана жеке өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.






