2025-08-28
Акыркы суткада 249 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду

Кыргызстанда 19-августка карата коронавирус дагы 249 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Бишкек, Ош жана Токмок шаар мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады

Кечээ, 18-августта саат 18:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.
ТИМ: Америка Кыргызстандын 500 афган студентине виза берүү чечимин оң баалады

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 18-августта АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтерди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандыктар августтун аягында төрт күн катары менен эс алышат

Кыргызстандыктар августтун аягында төрт күн катары менен – 28-29-30-31-август күндөрү эс алышат.
Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болот

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болот. Бул тууралуу «Марал» радиосу өздүк булактарына таянып жазды. Аталган кабарда маалыматты тактоо максатында Өмүрбек Текебаевдин өзүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болбогону жөнүндө айтылат.
Кыргызстанда COVID-19дун "альфа" жана "бета" варианттары аныкталды

Кыргызстанда COVID-19дун "альфа" (Улуу Британия) жана "бета" (Түштүк Африка) варианттары аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова брифинг учурунда билдирди.