2025-08-29
"Талибан" Афганистандын борбору Кабулду да курчоого алды

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Кабулдагы президенттик сарайга келе жатышат. Бул тууралуу ооган өкмөтүндөгү расмий жетекчилердин бири Associated Press агенттигине билдирди. Коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген бул жетекчинин айтымында, тараптар өкмөттү талибдерге өткөрүп берүү маселеси жөнүндө сүйлөшөт.
15-августка 332 адамдан COVID-19 табылып, жети бейтап каза болду

Кыргызстанда 15-августка карата коронавирус дагы 332 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Оштун борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу пландалууда

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардын борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу долбоорунун алдын ала эскизи менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
ИИМ: Улуттар арасындагы кастыкты козутууга аракеттенгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык ички иштер органдары күн сайын социалдык тармактардагы, мессенджерлердеги материалдарды көзөмөлдөөдө.
Жапаров Пакистандын президенти Ариф Алвини өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алвини жана жалпы Пакистан элин улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Нурсултан Куштарбек уулу грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону болду

Уфада өтүп жаткан өспүрүмдөр арасында спорттук күрөш (грэпплинг) боюнча дүйнө чемпионатында Нурсултан Куштарбек уулу алтын медалды багындырды. Нурсултан кадеттер арасында 63 кг салмакта беттешке чыкты. Ал эми юниорлор арасында 58 кг салмак категориясында күч сынашкан Нурсултан Арзыматов коло медалга ээ болду. Чемпионатка грепплинг боюнча Кыргызстандын атынан жалпы жети спортчу катышты.
520 адамдан COVID-19 табылып, алты бейтап каза болду

Кыргызстанда 14-августка карата коронавирус дагы 520 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.