2025-07-10
"Динамо Жалал-Абад" Ысык-Көлдөгү эл аралык мелдеште ийгилик жаратты

5-8-августта Ысык-Көлдө Кызыл жылдыз орденинин ээси Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Турнир жыл сайын уюштурулуп келет. Бул жылы отуз төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Аталган эл аралык мелдеште "Динамо Жалал-Абад" Ысык-Көлдөгү эл аралык мелдеште ийгилик жаратты.
Кытайдагы 5,5 баллдык жер титирөө Нарында да сезилди

Кытайдагы 5,5 баллдык жер титирөө Нарында да сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы КР Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Жеңиш чокусунда жоголгон ирандык альпинисттерди издөө уланат

Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист Мехри Джафари жана Реза Адинени издөө уланат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Этникалык кыргыздар ЖОЖдордо акысыз билим ала алышат

КР Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында акысыз окуу үчүн бюджеттик орундарга сынак жарыялайт.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 4-9-августунда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жалал-Абадда республикалык кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт

Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата "Алтын өрөөн" кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы уюштурулууда.
Кыргыз эл артисти Искра Райымкулова акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 9-августта, Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, Кыргыз Улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын актрисасы Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.