2025-07-10
Кыргыз-тажик чек арасынын 40 чакырымы боюнча документке кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинин 40 чакырымы боюнча тараптар орток пикирге келип, документке кол койгонун тажикстандык ЖМКлар жазды.
Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова брифинг учурунда билдирди.
Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына шайланды

Депутат Кубанычбек Конгантиев («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) төрагасы болуп шайланды.
Жогорку Кеңеш "Мегакомду" сатууну колдоду

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондун (14,9%), "Керемет" банкты (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатуу сунушун колдоду.
Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат

Талас облусундагы Киров суу сактагычына гидроэлектрстанция куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Марипов Сауд Аравиясынын элчиси менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Илим жана техника жаатындагы мамсыйлыктар ыйгарылат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.