2025-07-11
Бакашова: Кытайдан келе турган вакциналар убактылуу эмдөө пункттарына таратылат

Ушул жума аягында Кыргызстанга Кытайдан келе турган коронавируска каршы вакциналар убактылуу эмдөө пункттарына таратылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Бишкекте өткөн брифингде билдирди.
Өзбекстандын премьери латын арибине өтүү ишин тездетүүнү тапшырды

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бардык министрликтерге, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле Каракалпакстандын Министрлер кеңеши менен облустук акимчиликтерге латын арибинин негизинде түзүлгөн өзбек алфавитин киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды.
Баткен облусуна "Ден соолук кербени" барды

"Ден соолук кербени" жети мобилдүү клиникалары Баткен облусунун Лейлек районунан өз ишин баштады.
Жыл башынан бери 1,3 миңден ашуун аткезчилик фактылары аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматы аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн 2021-жылдын 1-жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Баштапкы капиталы 16 млн долларлык Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштей баштайт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Өзбекстан Twitter, TikTok жана "ВКонтакте" соцтармактарынын ишин чектеди

Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы социалдык тармактардын ишин чектеп, муну алардын жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузууларга жол бергендиги менен негиздеди.
«Түндүкэлектр» дебитордук карызы бар 6,1 миң абонентти аралыктан өчүрөт

2021-жылы 6-июлдан тартып «Түндүкэлектр» ААК дебитордук карызы бар 6,1 миң абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.