2025-07-12
Ташиев: Чоң-Алайдагы чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу болду

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун ортосундагы чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу өткөн. Бул тууралуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.
Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргызстандын ачык чемпионат өттү

Бишкек шаарында заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ош: Эвакуацияланган тургундар туруктуу жайларына кайтып келүүдө

Ош облусунун Алай районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында коопту кырдаал жаралгандыгына байланыштуу эвакуцияланган тургундары туруктуу жайларына кайтып келүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстан менен Россия гидрометерология жаатында кызматташат

Ушул жылдын 5-июнунда Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат менен КРнын Экономика жана финансы министрлигинин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин Россия Мамлекеттик гидрометеорологиялык университетинин ректору Валерий Леонидович Михеев менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөзкызматы билдирди.
Анжиян-Ош багыты боюнча кичиавтобус каттамдары жандандырылды

Өзбекстан Транспорт министрлиги билдиргендей, шейшембиде кытайлык Transordo компаниясы заманбап 12 кичиавтобусту жүргүздү. Бул маршрут боюнча рейстер 2019-жылы сентябрда уюштурулган.
Эртең “Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт

Эртең “Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Тышкы иштер министри Казакбаев Россиянын элчиси Удовиченко менен жолукту

2-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.