AUCA the best 2

2025-05-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Марипов: Мамлекеттик ипотекалык компания «ортомчулук» кылуудан четтеши керек

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

60c07ab4ed7bda.jpg

Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, ипотекалык компаниянын маанилүү милдети катары республикадагы жарандардын көпчүлүк бөлүгүн жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо болуп саналат.

«Сунушталган программага ылайык, пайыздык босого 4% чейин кыскартылат, алгачкы төлөм талабы алынып салынган. Мунун бардыгы жакшы шарт. Бирок программаны кабыл алуу алдында бардык тобокелдиктерди карап чыгып, негизгиси – каржылоо булактарын аныктоо зарыл», - деп белгиледи Улукбек Марипов.
«Мамлекет тараптан жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоо – социалдык жактан маанилүү программа. Бирок ипотекалык компания бул милдеттерди өзүнө алып жаткан соң, бул милдеттер качан жана кантип ишке ашырыла тургандыгын көрсөтүү керек”, - деди Марипов.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдиргендей, турак-жайды ижарага алуу менен кийинчирээк сатып алуу механизмин өнүктүрүү боюнча иш жүрүүдө, баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына каражаттар тартылууда, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык турак-жайды насыялоо тармагына инвестицияларды тартуу боюнча иштер аткарылууда.

«Мамлекеттик ипотекалык компания «ортомчулук» кылуудан кетип, уюмдун ишинин принцибин толугу менен өзгөртүүсү тийиш. Негизги максат –жарандар иш жүзүндө жеткиликтүү турак-жайды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү тийиш», - деп белгиледи Улукбек Марипов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө сунушталган программаны тыкыр карап чыгып, долбоорлордун ишке ашырылышына өзгөчө басым жасоо тапшырмасын берди.

«Алдыга ишке ашпаган милдеттерди коюунун зарылдыгы жок, бардык иш-аракеттер «реалдуу мүмкүнчүлүктөрдөн келип чыгышы кажет», - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2