2025-07-13
Муздаткыч өчүп калганына байланыштуу 930 доза “Спутник V” вакцинасы жараксыз болуп калган

Бишкектеги №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы муздаткычтын өчүп калганына байланыштуу жараксыз болуп калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
«Коопсуз шаар» долбоорундагы айыптын көлөмүн азайтуу боюнча мыйзамдын концепциясы жактырылды

Жогорку Кеңештин Укук коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Минстрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.
Оор атлетчи өспүрүмдөр Өзбекстандагы Дүйнө чемпионатына катышат

21-майдан 31-майга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
«Кумтөр» ишканасын Тенгиз Бөлтүрүк башкарат

«Кумтөр» ишканасына сырттан башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды. Аны кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жамаатка тааныштырды.
Өкмөттүн маалыматында, ишканада кыскартуулар күтүлбөйт.
Токиодогу дарыгерлер биримдиги бийликти Олимп оюндарынан баш тартууга чакырды

Япониядагы медицина кызматкерлеринин абройлуу биримдиги өлкө бийлигин Токиодо өтүшү керек болгон жайкы Олимп оюндарынан баш тартууга чакырды.
Бишкек шаарында Самбо боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт

Бишкектин “Арча-Бешик” конушундагы "Газпром-Балдарга" спорт-эс алуу комплексинде Азия чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону Бекболот Рахатбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнирдин ачылышы болот.
«Кумтөр» боюнча 28 жыл ичиндеги жооптуулардын тизмеси түздүлдү

«Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссия 28 жылда кен боюнча кандайдыр бир чечим чыгарууга тиешеси бар адамдардын тизмесин түзүп, укук коргоо органдарына өткөрүп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирди.