2025-07-13
Кундуз Жолдубаева Молдокматовдун иши боюнча суракка чакырылды

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 18-май саат 16.00дө Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун иши боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.
Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын түз сатып ала баштайт

КРнын Улуттук банкы Кумтөрдүн алтындарын түз сатып ала баштайт. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин Кыргызстан тараптан экс-мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк билдирди.
Ак-Сай жана Ворух айылдарынын чектешкен жерлерине пост коюлду

Кечээ, 17-майда Ак-Сай (Кыргызстан) жана Ворух (Тажикстан) айылдарынын чек арасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте жалпы республикалык тестирлөө өтөт

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү (ЖРТ) өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту

Кечээ, 17-майда кечки саат 20:00дө КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 13-17-майына чейин Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.