2025-05-31
Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту

Кечээ, 4-майда Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Данияр Мукашев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет айым менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Президент Министрлер кабинетин бекитти. Аткаруу бийлигинин курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппараты маалымдады.
Президент: Куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруубуз зарыл

Куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруубуз зарыл. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.
“Головной” суу бөлүштүрүүчү каналда абал туруктуу

“Головной” суу бөлуштүрүүчү каналында абал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысы бир нече күн мурда коңшу тараптын куралдуу агрессиясынын негизинде кагылышуу болгон жерден билдирди.
Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери Баткенде кызмат өтөшүүдө

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлер Баткен жергесинде кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
ИИМ: Баткен облусунун бардык район жана айылдарында абал туруктуу

2021-жылдын 5-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.