2025-05-31
Орусия Гугл, Фейсбук жана Твиттерге ири өлчөмдөгү айып салды

Орусия Гугл менен Фейсбукка 20 миллион (267 миң доллар), Твиттерге 24 миллион рубль (320 миң доллар) айып салды. Буга аталган социалдык тармактардын Орусиянын маалымат каражаттары жана байланыш көзөмөлдөөчү органы тарабынан тыюу салынган билдирүүлөрдү алып салбаганы себеп болгон.
Кыргызстандын президентинин администрациясы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде Президент менен Өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлдү.
Лейлек районуна жаңы суу сактагыч куруу пландалууда

Баткен облусунун Лейлек районуна жаңы суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.
МВД: Получившие ранения в результате вооруженного конфликта на кыргызско-таджикской государственной границы милиционеры и военнослужащих ВВ МВД получают всю необходимую медицинскую помощь

По поручению министра внутренних дел Кыргызской Республики, генерал-майора милиции Улана Ниязбекова, начальник СПЭНМ МВД КР полковник милиции Жениш Жоробеков, а также руководители структурных подразделений и весь личный состав СПЭНМ МВД КР посетили Бишкекскую городскую клиническую больницу №4, где навестили сотрудников милиции и военнослужащих ВВ МВД, которые получили ранения в результате вооруженного конфликта на кыргызско-таджикском участке государственной границы в Баткенской области.
ИИМ: Чек арадагы жарандардын коопсуздугу милициянын толук көзөмөлүндө

2021-жылдын 7-майына карата Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Чек араны тактоо боюнча биргелешкен билдирүүгө түшүндүрмө берилди

Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча биргелешкен билдирүүсүнө түшүндүрмө
2021-жылдын 1-майындагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын № 39 Протоколунун экинчи жана үчүнчү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.
Президент Лейлекте аскер шаарчасынын курулушуна капсула салды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.