2025-06-05
Чек ара чыры: тажик тарап кыргыз жаранына кылмыш ишин козгогон

2020-жылдын 8-майында Баткен районунун Чек аймагы менен Тажикстандын Кумазор айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Такталбаган жер талаштан чыккан чууда эки өлкөнүн жарандары таш ыргытып, атыш да болгон. Чатакта чек арада жайгашкан Мажитовдордун үйү күйүп кеткен. Бул окуядан кийин тажик тарап үйдүн ээси Эсен Мажитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Ал Орусияда иштеп жүргөн жеринен кармалып, учурда 40 күнгө камалганын анын үй-бүлөсү билдирди.
Белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 23-апрелде, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бишкекте муз үстүндө бийлөө боюнча шаардын биринчилиги өтүүдө

Бишкекте балдар жана жаштар арасында муз үстүндө бийлөө боюнча шаардык биринчилик өтүп жатат. Турнир кечээ, 23-апрелде башталып, бүгүн уланууда.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай жардам берилет

1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына жыл сайын бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна ремьер-министр Улукбек Марипов кол койгон, - деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.
Жапаров статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
УСК: Эт бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27%га кымбаттады

Эттин чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
МКК: КР чет элдик паспортун алуудагы бардык чектөөлөр алынды

Коррупциялык тобокелдиктерге жана түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн Кыргызстандын жарактуу үлгүдөгү жалпы жарандык паспортунун документтерин кабыл алуудагы бардык чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.