2025-06-05
УКМК: КР чек арачылары тажик окуучуларын сабады деген кабар жалган

Интернеттин тажик сегментинде тараган «КР чек арачылары тарабынан эки тажик окуучусу сабалды» делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Бишкекте коронавируска байланыштуу 14 мектеп карантинге жабылды

Бишкекте окуучулар жана окутуучулар жамаатынын арасында коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу 14 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.
Бишкекте коомдук транспорттун баасын 19 сомго чейин көтөрүү каралууда

Шаардык мэрия Бишкек шаардык кеңешинин “БШКнын транспорт жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтом долбоорун укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана сунуштарды жыйноонун башталганын жарыялайт.
Өлкөдөгү коронавируска каршы эмдөө жайларынын даректери

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19га каршы эмдөө жайлардын даректери менен бөлүштү.
Бүгүн 199 адамдан COVID-19 табылып, эки киши каза болду

Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус дагы 199 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Садыр Жапаров БУУнун АТОЭСКсынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (АТОЭСК) 77-сессиясынын ачылышына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.