2025-06-09
Шаардык кеңештерге 11 миң 782 адам талапкерлигин көрсөттү

Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештерге шайлана турган депутаттарды каттоо шайлоого 30 күн калганда жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Президент Садыр Жапаров Референдумду 11-апрелге дайындады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жапаров Өзбекстандын өкмөт башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Чехиянын улуттук авиакомпаниясы банкрот деп табылды

Прага соту Чехиянын Czech Airlines улуттук авиакомпаниясын банкрот деп тапты. Мындай өтүнүч менен коронавирус пандемиясынан улам абалы оорлошуп кеткен авиакомпания сотко өзү кайрылган.
Каратэ-до боюнча кыргыз спортчулары лицензиялык мелдешке катышат

Каратэ-до боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турчу Karate 1- Primer Legue эл аралык лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Кыргызстан менен Өзбекстан 50 млн долларлык инвестфонд түзүшөт

Кыргызстан менен Өзбекстан баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн биргелешкен инвестициялык фонд түзүшөт, аны келечекте 200 млн долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри, экономика жана финансы министри Улукбек Карымшаков жана Өзбекстандын вице-премьери, инвестиция жана тышкы соода министри Сардорбек Умурзаков билдирди.
Жапаров жана Мирзиёев 20дан ашуун документке кол коюшту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргилишкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.