2025-06-27
Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасалат

Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө инвозивдүү операция жасалат. Бул тууралуу «Бикард» клиникасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Елена Баялинова «Матраимов биздин клиникага кан басымы жогорулап, айрым кан айлануучу органдарынын иши бузулган абалда алып келинген. Учурда ага операциянын алдындагы атайын кароо жүргүзүлүп жатат. Анын жүрөгүнүн кан тамырларына скальпельсиз - инвозивдүү операция жасалат» деп билдирген.
Жапаров Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглуну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Сүлүктүдө зордук-зомбулуктарды алдын алуу иш-чаралары өтүп жатат

Сүлүктү шаарындагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо, аларга карата зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Сүлүктү ШИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Таш-Көмүр милициясы алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Таш-Көмүр шаардык милициясы алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Бүгүнкү күндө 456,5 миң жаран Мамлекеттик жөлөкпул алат

2021-жылдын 2-февралына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 456,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Финансы полициясын жоюу боюнча ликвидациялык комиссия түзүлдү

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлай.