2025-06-09
Улан Ниязбеков - Айымдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо жолдоду

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-март – Айымдардын эл аралык күнүнө карата кыргызстандык айымдарга куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өзбекстан пахта өндүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы орунду ээледи

Дүйнөдөгү маркетингдик изилдөө боюнча Research and Market дүкөнү дүйнөлүк пахта рыногун изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда пахта өндүрүү, керектөө, экспорттоо жана импорттоо боюнча алдыңкы жети өлкө көрсөтүлгөн.
Контрабандалык жол менен ташылып келген 12 тонна мандарин кармалды

Контрабандалык жол менен ташылып келген 12 тонна мандаринди кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Ош шаарында ак калпакчан 1,5 миң жаштар жөө жүрүш жасашты

Бүгүн, 5-март Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында "Улуттук кийимдер" жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Садыр Жапаров судьяларды таза жана акыйкат иштөөгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада судьяларды мыйзамды туу тутуп, таза жана акыйкат иштөөгө чакырды.
УКМК: Кара-Көл шаардык милициясынын башчысы кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык милициясынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте батир алдамчылыгы боюнча УКТ мүчөсү кармалды

Бишкекте Криминалдык милиция кызматкерлери Карагер каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.