2025-08-28
Бишкекте батир алдамчылыгы боюнча УКТ мүчөсү кармалды

Бишкекте Криминалдык милиция кызматкерлери Карагер каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Аксыда үч адам спирт ичимдигине ууланып каза тапты

Жалал-Абад облусунда үч адам ууланып каза тапканын "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Садыр Жапаров 11-12-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.
Жусуп Абдрахмановдун иш столу Тарых музейине өткөрүп берилди

Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилди.
Жапаров менен Токаев «Астана» каржы борборуна барышты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында эл аралык деңгээлдеги каржы кызматтарын көрсөткөн «Астана» эл аралык каржы борборуна (АЭКБ) барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.