2025-08-28
Финансы полициясын жоюу боюнча ликвидациялык комиссия түзүлдү

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлай.
Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Бакытбек Нарбеков Талас облусуна жетекчи болуп дайындалды

Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Бишкекте эки күндө 45 мас айдоочу кармалды

Бишкек шаарынын аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында, ошондой эле 8-март күнүнө карата тартип бузуулардын алдын алуу максатында 6-7-март күндөрү атайын профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Баткен облусунун аймагынан аткезчилик жүктөр кармалды

Үстүбүздөгү жылы 6-8-март аралыгында Баткен облусунда Тажикстандан ташылып келе жаткан аткезчилик жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Бишкекте милиция унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.