2025-06-09
Райымбек Матраимов 2 айга камакка алынды

Биринчи Май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Мадина Ниязова билдирди.
Өзбекстанда Nike жана Adidas бут кийимдер чыгарыла баштайт

Үстүбүздөгү жылдын аягында Өзбекстан Nike жана Adidasтын бут кийимдерин чыгара баштайт. Бул тууралуу «Узчармсаноат» ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы кесиптик майрамын белгиледи

Бүгүн, 20-февраль күнү Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Россия Федерациясына барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
УКМК: Ош ЖЭБинде коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ош жылуулук электр борборундагы коррупциялык схеманы аныктады.
Баткендин бир катар аймактарын милициянын көчмө кабылдамасы кыдырат

Баткен облусунун бир катар аймактарын милициянын көчмө кабылдамасы кыдырат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абадда милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда

Жалал-Абадда милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.