2025-06-09
ИИМдин Күзөт кызматы 55 жылдыгын белгиледи

Бүгүн, 18-февралда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы 55 жылдык мааракесин белгиледи.
Аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчиси Дамирбек Исаков катышты.
Быйыл чек аранын 150 чакырымына зым тартууну пландап жатабыз – Ташиев

Быйыл чек аранын 150 чакырымына зым тартууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушууда билдирди.
Камчыбек Ташиев: «Эртеңден баштап бир нече чоң чиновниктер камалат»

Бүгүн, 18-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушуп жатат.
Новиков балдардын оорусу боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдардын оорусу боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Коррупцияга шектелип "Манас" аэропортунун экс-башчысы кармалды

"Манас" эл аралык аэропортундагы коррупциялык схемага байланыштуу кылмыш ишине шектелип аэропорттун экс-башчысы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Мектеп ачылбасын, онлайн окуйбуз - ата-энелер

Учурда WhatsApp тайпаларда ата-энелер арасында мектептердин ачылышы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп жатат. Айрым ата-энелердин айтымында, көпчүлүк салттуу окууга каршы.
Баткенге өзгөчө макам берүү менен эмне өзгөрөт?

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карап жатат. Облустун чек ара кырдаалы оор болгондуктан, буга чейин да бир канча ирет өзгөчө макам берүү маселеси көтөрүлүп, муну менен көптөгөн жагдайды чечсе боло турганы айтылып келген. Өзгөчө макам берүүдө эмнелерге көңүл бурулат? Баткенге макам берүү менен эмне өзгөрөт? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык.