2025-08-28
ЖКнын көпчүлүк коалициясы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн шайлады

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлады. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.
Серепчи: Бишкектеги мектептерди ачууга болбойт, оору күчөдү

Кечээ күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бир суткада 32 бала пневмония менен келип түштү. Бул маалыматты аталган оорукананын директору Камчыбек Узакбаев тастыктаган.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 10 партия арыз берди

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 10 партия арыз берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Бишкекте актриса Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Муфтийликке талапкерлердин арызын кабыл алуу башталды

Бүгүн, 17-февралдан тартып муфтийликке талапкерлердин арызын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Темирбек Асанбеков чек ара жөнүндө жөнү жок сүйлөдү

"Мекен ынтымагы" партиясынын жетекчиси Темирбек Асанбеков "Регион" телеканалына интервью берип жатып, чек арадагы абал боюнча оюн билдирди. Анда ал чек ара маселесин баткендиктер гана көтөрүшү керек деген таризде сүйлөдү.
Б. Алимбеков Түркияда өтө турган 10 долбоордо өлкө намысын коргойт

Б. Алимбеков 2021-жылы Түркияда өтө турган 10 долбоорго чакыруу алды. Аталган иш-чараларда Кыргызстандын атынан катышып, түрк тилиндеги ырларды аткарат. Бул тууралуу Бексултан Алимбеков KEREEZ.KGге билдирди.