2025-06-10
Чыныбаева ата-энелерге айткан сөзүнө комментарий берди

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева борбор калаадагы мектеп окуучуларынын ата-энелери менен болгон жолугушууда айткан сөзүнө Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, интернет желесинде тарап жаткан тасмада Чыныбаеванын сөзү контексттен кыркылып алынган.
Премьер-министр жазгы-талаа жумуштары боюнча бир катар тапшырмаларды койду

Премьер-министр Улукбек Марипов жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жыйында жазгы айдап-себүү иштериндеги эң негизги көйгөйлөр талкууланган.
Япониядагы жер титирөөдөн кеминде 30 адам жаракат алды

Японияда болгон күчтүү жер титирөөдөн кеминде 30 адам жаракат алды. Бул тууралуу «The Japan Times» жазып чыкты.
Жапаров ДУМК айланасындагы кырдаал, Матраимовдун иши жана жаңы Конституциянын долбоору жөнүндө

Президент Садыр Жапаров 13-февралда «Кабар» маалымат агенттигине маек берип, коомчулуктун актуалдуу суроолоруна жооп берди.
Жактоочу: Матраимов жетиштүү каражат төлөдү

Райымбек Матраимовго тиешелүү соттук иштер тууралуу жактоочулардын сөзү:
2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратура менен Райымбек Матраимовдун ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлүп, ошол эле күнү ал келишим Биринчи май райондук соту тарабынан бекитилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин (УПК) 496-беренесинин негизинде айыпталуучу менен түзүлгөн кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөнүнө байланыштуу, айыпталуучуга тиешелүү сот жыйынын өткөрүү тартиби жана ага карата өкүм чыгаруу тууралуу токтом кабыл алынган.
Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы боюнча келишим ратификацияланды

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Бишкек Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргызстандык жарандардын Түркияда медицина жаатында жана медициналык адистиктер боюнча билим алуу жөнүндө келишим ратификацияланды. Буга 2021-жылдын 10-февралында Түркия парламенти кол койду.
Марипов өкмөттүн жаңы түзүмүн реформалоого байланыштуу токтомго кол койду

Премьер-министр Улукбек Марипов күн мурун, "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомго кол койду.