2025-08-27
Түркмөнстандын президенти уулун вице-премьер кылып дайындады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өзүнүн орун басары жана Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кылып дайындады.
К.Абышев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Абышев Кылычбек Асаналиевич Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргызстандын муфтийинин милдетин убактылуу Жоробай Шергазыев аткарат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставына ылайык Кыргызстан муфтийинин милдетин убактылуу Жоробай ажы Шергазыев аткарат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Улуттук банктын резерви 2 млрд 740 млн долларды түзөт

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын резерви 2 млрд 740 млн долларды түзөт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Президент Садыр Жапаров актуалдуу суроолорго жооп берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына коомчулук арасында талкууланып жаткан актуалдуу маселелер боюнча маек курду.
Билим берүү жана илим министрлиги 5 жылдык программа иштеп чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын жыйынтыктоочу коллегиясын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
УКМКнын алдына экс-муфтийдин тарапташтары чогулду

Бүгүн, 11-февралда УКМКнын имаратынын алдына экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин тарапташтары чогулду. Бул тууралуу «Акипресстин» кабарчысы жеринен билдирди.