2025-06-11
Президент Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жалпы жарандык паспорттун 100 миң нускадагы биринчи партиясы февралда келүүсү күтүлүүдө

Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун 100 миң нускадагы биринчи партиясы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) билдирди.
Казакбаев ЖККУнун Башкы катчысы Зась менен жолукту

2021-жылдын 27-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун кызмат ордуна киришүүcүнө байланыштуу аземине катышуу үчүн келген Жамааттык Коопсуздук Келишим жөнүндө Уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Стансилав Зась менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Садыр Жапаров ант берип, кызматына расмий киришти

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын президенттинин күбөлүгү, төш белги жана штандарт тапшырылды. Аны ант берүү аземинде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.
Садыр Жапаров: Биз тарыхыбыздын жаңы этабын жаратуунун алдында турабыз

«Жаңы Кыргызстан — өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш!», — деп белгиледи Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүү аземинде.
Айжан Чыныбаева: Эл-жер үчүн өмүрүн бергендер түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат!

Бүгүн, Дайыр Асанов атындагы сейил багында Ленинград блокадасы курчоодон бошотулганынын 77 жылдыгына карата эскерүү жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Бишкектеги Ош базарынын аймагы иретке келтирилет

Ленин акимиатынын жыйындар залында башчынын биринчи орун басары Алтынбек Маматовдун төралыгы алдында Ош базарынын жана райондун аймагында көмүскө жайларды аныктоо жана аларды токтотуу, коомдук тартипти сактоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.