AUCA the best 2

2025-06-11

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу эки вице-мэрге эскертүү берди

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин тапшырмасы менен шаардык кызматтар 1999-жылдын 16-июнуна чейин жана андан кийин курулган азыркы турак жай курулушу үчүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана борбор калаанын конуштарын жакшыртуу маселелерин улантууда.

-0--0-0-0-0-0-чмтядлатпыдлпа.jpg

Жарандар менен жолугушуулардын жана көчмө жыйындардын жыйынтыгында борбор калаанын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 26-январга чейин мындай тапшырма берилген:

- 1999-жылдан кийин курулган жеке турак жай имараттарын легалдаштыруу маселесин укуктук жөнгө салуу боюнча сунуш киргизүү;

- Жер тилкелерин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар аркылуу легалдаштыруунун жол-жобосун аягына чыгаруу, алардын мыйзамдаштырылышы үчүн сотторго документтерди берүү (Жогорку Төкөлдөш ж.б.);

- 1999-жылдын 16-июнуна чейин жана андан кийин курулган учурдагы турак жай куруу үчүн жер тилкелерин легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын календардык(этап этабы менен) пландарын иштеп чыгуу жана сунуш кылуу жана Башкы планга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- “Бугу-Эне-Багыш” конушунун жашоочуларынын үйлөрүн электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу.

Ошондой эле Азамат Сагындык уулуна транспорт боюнча калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов менен биргеликте “Бугу-Эне-Багыш” конушуна жаңы каттам линиясын киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.

Белгилей кетсек, вице-мэр А.Сагындык уулунун аткаруу пункттары боюнча маалымат белгиленген тартипте берилген эмес, транспорт боюнча вице-мэр А.Алымкулов менен биргеликте аткаруу пункту боюнча маалымат берилген, бирок буйрук аткарылган эмес.

Буга байланыштуу, мэрдин милдетин аткаруучу эки вице-мэрге эскертүү иретинде тартиптик жаза чарасын колдонду.

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2