2025-08-24
"CapstroyKG" медицина кызматкерине батир белек кылат

“CapstroyKG” курулуш компаниясынын башкы директору Талантбек Кенжеев медицина кызматкерлерине чын дилден ыраазычылыгын билдирип, компаниянын турак жай комплекстеринин биринен батир белек кыла турганын айткан:
“Урматтуу кыргызстандыктар, кыйын кырдаалда баарыңыздарга чың ден соолук каалайм. Айрыкча, учурда тыным албай иштеп жаткан биздин медицина кызматкерлери өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.
Өзбекстанда 10 миңден ашык киши таажы вирусу менен ооруп жатат

Коңшу Өзбекстанда таажы вирусун жуктуруп алгандардын саны 84 кишиге көбөйдү. Өлкөдө 10 020 адам илдет менен ооруп жатат.
Европада таажы вирусунун экинчи толкуну башталды

Европа биримдигинин аймагында таажы вирусунун экинчи толкуну күч алды. Бул тууралуу Euronews кабарлайт.
Кытай жана Түркиядан бир жарым миң кычкылтек концентратору келди

5-июль күнү КЭРдин жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин аракети менен Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынып келди. Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынып, Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти кабарлады.
“Азия банкы” таажы вирусу менен күрөшүүгө 1,5 млн сом бөлдү

“Азия банкы” ЖАК Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында атайын госпиталь уюштуруу үчүн 1,5 миллион сом бөлдү. Аталган госпиталда таажы вирусун жуктуруп алгандар дарыланмакчы. Ошондой эле бөлүнгөн каражатка медициналык жабдыктар, дары-дармек сатылып алынып, медициналык кызматкерлерди колдоого жумшалат.
Райымбек Матраимов Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачты

“Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргызстанда эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдети менен күрөшүү акциясын улантууда. Акыркы төрт күн ичинде Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду.
Жалал-Абад шаарында убактылуу стационар ачылды

Жалал-Абад шаарынын мэринин тапшырмасы менен "Жеңиш" эс алуу багындагы Р. Санатбаев атындагы спорт мектеби жана "Динамо" спорт аянтчасы үй шартында дарыланып жаткан бейтаптар үчүн стационар катары уюштурулду.