2025-07-05
Кыргызстанда сутка ичинде беш өрт кырсыгы катталды

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Мектепке барууга шарты жок балдарга өкмөт жардам берет

Мектепке барууга шарты жок балдарга өкмөт жардам берет. Мындай жарлыкка кечээ президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эки жуманын ичинде окууга баралбай калган балдардын эсебин алып, аларды өкмөт керектүү каражаттар менен камсыздайт.
Бишкекке коронавируска каршы Sinopharm кытай вакцинасынын 3-партиясы келди

Бишкекке COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын 3-партиясы келди.
Ысык-Көлдө ири өлчөмдө баңгизатын сатууну көздөгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, КР ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча «Шумкар» атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлери менен бирдикте баңгизаттарын ири өлчөмдө сатып өткөрүү менен алектенген топтун мүчөлөрүн кармады.
Азия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагына 8 млн доллар жардам берет

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) кесиптик техникалык билим берүү системасындагы саясий чараларды аткаруунун натыйжалары боюнча Кыргызстанга 8 млн доллар жардам берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу жабылды

Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева брифингде билдирди.
Сокулукта аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Сокулук районунда аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.