AUCA the best 2

2025-05-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Мэр Алмаз Мамбетов 100 күндүк отчетун берди

17-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов мэр болуп шайлангандан кийинки 100 күндүк отчетун берди. Калаа башчы 26-август күнү депутаттардын бир добуштан колдоосу менен Ош шаарынын мэри болуп шайланган.

 268978751_3133093180236555_8108806917312717801_n.jpg

Алмаз Мамбетов 2022-2025-жылдарга карата Ош шаарынын “Келечекке татыктуу шаар” аталыштагы өнүгүү программасын иштеп чыккан. Ага калкты таза суу менен камсыз кылуу, коммуникация тармагын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү, санариптештирүүнү аягына чыгаруу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, жеңил өнөр жай тармагын өстүрүү, соода-транспорттук логистиканы жакшыртуу багыттары камтылган.
Ош шаарынын 2021-жылдагы бюджети 1 млрд 357 млн 700 миң сом болуп кабыл алынган. Бюджеттин дээрлик 30%ы турак жай жана коммуналдык чарба тармагына бөлүнгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда шаарда экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жетишкендиктер жаралды.
Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулуп, 8400 метр жолго асфальт төшөлдү. Шаар казынасынын эсебинен курулган бир бала бакча жана бир ФАПтын имараты жыл соңуна чейин бүткөрүлөт.
Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен узундугу 7200 метр суу түтүктөрүн тартуу, сыйымдуулугу 500 метр куб суу кампанын курулушу, 2 насос орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле көп жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып, курулушу токтоп калган 4 мектепке акча каражаты бөлүнүп, курулуш иштери жанданды.
100 күн аралыгында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрүнө ынгайлуу шарттарды түзүү колго алынды. Автобус жана троллейбустарга “GPS” навигатор ишке берилди. Жалпы автобус жана троллейбустарда “BUS” сервис мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, онлайн режимде иштөөдө. Жыл аягына чейин 4 кичи автобустук маршруттук каттамдарга пилоттук режимде “GPS” навигаторлору коюлат. Ал эми 2022-жылы шаардагы бардык коомдук транспорттор “GPS” навигаторлору менен камсыздалат.
Күз-кыш мезгилине карата шаардыктарды арзан көмүр менен камсыздоо багытында мэрдин тапшырмасы менен 700 тонна көмүргө келишим түзүлгөн. Көмүрдүн килограммы 3-4 сомдон бааланып, азыркы күнгө карата 200 тоннага жакыны сатылып бүттү. Шаар башчы демилгелеп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 312 үй-бүлөгө 234 тонна көмүр акысыз таратылып берди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2