2025-08-25
Бишкекте хоккей боюнча эл аралык турнир өтөт

Хоккей боюнча мэрдин кубогу эл аралык турнири 2021-жылдын 10-декабрынан 20-декабрына чейин өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Президент телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Бюллетендер кол менен 100 пайыз саналып бүттү

Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын баары толугу менен саналып бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.
Москвада 22 жаштагы кыргызстандык бала поезддин астына боюн таштаган

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2021-жылдын 7-декабрында Москва шаарындагы метро станцияларынын биринде өзүн поезддин астына таштаган Кыргыстандын жараны менен болгон окуянын себептерин жана жагдайларын тактап жатат.
Кыргызстанга 9 айда чет элдик инвестициянын келүүсү 26,4%га өстү

Мамлекетке түз түшкөн чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 503 млн доллардан ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4%га көбүрөөк болгон. Улуттук статистика комитети билдирди.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы өзгөртүлдү

Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Ысык-Көлдө турак үй өрттөнүп, бир адам каза тапты

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынан турак үй өрттөнүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.