2025-07-05
Текебаевге кол салууга катышкандар саясатчыдан кечирим сурашты

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга катышкандар 3-декабрда партиянын кеңсесине барып, саясатчыдан кечирим сурашты. Алар максаттуу түрдө Текебаевге кол салуу үчүн чогулушпаганын, 1-декабрда өлкөдө тынчтыкты талап кылган акцияга келип капыстан саясатчы менен чыр чыгып кеткенин айтышты. Окуяга катышкандардын бири, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев мындайча түшүндүрмө берди.
Бир мандаттуу округдарда добуштар кол менен саналып бүттү

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарында бюллетендердин 100 пайызы кол менен саналып бүткөнүн маалымдады. Анын жыйынтыгы АСУнун берген маалыматынан дээрлик айырмаланган эмес. Алгач алдыда бараткандардын бири да кол санактан кийин экинчи орунга түшүп калган жок.
Кол санак: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы «Ыйман Нурунан» алдыга чыкты

Бүгүн, 3-декабрь саат 10:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 91.10% маалыматтык серверге киргизилип бүттү.
Садыр Жапаров парламенттик шайлоо, Текебаевдин айланасындагы акыркы окуялар жөнүндө

Бүгүн, 3-декабрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун "Арыба" сайтына берген кыскача маеги жарыяланды. Анда мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айланасындагы акыркы окуялар боюнча өз пикирин билдирген.
Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат

Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.
Депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка президент кол койду

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
БУУ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдуу алып берди

Бүгүн, 2-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба фонду (ФАО) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.