2025-07-08
«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолун Кытай компаниясы салат

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытайдын «№3 темир жол инженердик корпорациясы» ЖЧКсы менен кызматташтык келишимин түздү.
Кыргыз-өзбек ишкер айымдары 10,3 млн долларлык келишим түзүштү

Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форумунун жыйынтыгында 10,3 млн долларлык келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева форумдун расмий жабылышында билдирди.
Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Ош облусунун аймагында 21-сентябрда саат 22:54тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Ички иштер министрлигинде эл аралык эксперттер менен жолугушуу болуп өттү

2021-жылдын 20-сентябрында Ички иштер министрлигинин имаратында ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетовдун эл аралык эксперт Данил Барбу жана Данил Анатолийлер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өтүүдө

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Өзбекстандын парламенттик делегациясы “Ата-Бейитке” барды

Өзбекстандын Олий Мажилисинин төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстанга болгон расмий сапарынын сапарынын алкагында төраганын орун басары Аида Касымалиева менен бирге “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбар койду.