Алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте алдоо жолу менен жабырлануучунун жер тилкесин, унаасын ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын I отуруму өттү

Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин администрациядан кабарлашты.
Казакбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы менен жолукту

2021-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу жана Президенттин улуттук коопсуздук боюнча улук жардамчысы Эрик Грин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жекшемби күнү Бишкекте жөө күлүктөрдүн жарышы өтөт

Бишкекте 26-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафону өтөт.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
Бишкек: милиция Пермдеги окуядан соң окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Борбор калаанын Ленин райондук милициясынын кызматкерлери Россиянын Пермь университетиндеги окуяга байланыштуу жогорку класстын окуучуларына лекция өтүштү. Бул тууралуу аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.







