AUCA the best 2

2025-05-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Борбор Азия өлкөлөрү суунун сапатын талкуулашты

11-13-ноябрь күндөрү Борбор Азиядагы Америка университетинде Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын суу ресурстары тармагында илим жана техника боюнча кызматташуусунун алкагында “Суунун сапаты” деп аталган эл аралык тематикалык семинар өттү.

Иш-чараны Европа Биримдиги, Европа Комиссиясы жана Борбор Азиядагы Америка университети уюштурду. Аталган семинарда БААУнун атынан “Колдонмо геология” департаментинин жетекчиси, доцент Жеенбек Куленбеков катышты. Семинарга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын суу ресурстары боюнча өкүлдөрү келди. Мындан тышкары, Ооганстан, Германия, Нидерланды, Италия жана Австриядан да коноктор бар. Иш-чаранын ачылышында КРдин Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр, Европа Комиссиясынын өкүлү, Изилдөөлөр жана инновациялар боюнча Башкы директору Ричард Бургер сөз сүйлөдү. Семинарга Социалдык инновациялар борборунун (Австрия) ага-илимий кызматкери Манфред Шпицбергер модераторлук кылды.

Семинарда агынды суулар, суу менен камсыздоо жана суунун сапаты жөнүндө талкуу болду. Ар өлкөдөн келген адистер өз ара тажрыйба алмашып, Европадагы суу менен камсыздоо багытында конкреттүү мисалдар келтирилди. Мындан тышкары, катышуучулар Европа Биримдигинин “Горизонт-2020” программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышышты.

Борбор Азиянын өлкөлөрү жана Ооганстан суу ресурстарына байланышкан олуттуу көйгөйлөргө кабылууда. Маселени чечүү мамлекеттер аралык биргелешкен аракеттерди талап кылат. Буга байланыштуу суу маселелерине байланышкан чечимдерди иштеп чыгуу аймактын өзөктүү маселесине айланды. Бул маселелерди чечүүдө илимий-техникалык кызматташуу маанилүү ролду ойнойт. Ошону менен катар суу саясатын жүргүзүү боюнча так жана ишенимдүү маалыматтар менен камсыздоону жана аймактык ар тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү да колго алуу абзел.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2