2025-06-01
“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда
Кыргызстандын “Беш Манты” бренди АКШдагы International Franchise EXPO көргөзмөсүндө fast-casual жана dark kitchen форматында тааныштырылды. Бул жөн гана гастрономиялык дебют эмес, кыргыз ишкердигин жана Борбор Азия ашканасын дүйнөлүк рынокко алып чыгууда маанилүү кадам болуп калды. Жаш ишкерлердин бул иш-чарага катышуу демилгесин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана “Кыргыз экспорт” мекемеси колдогон.
"Биз продуктту эмес, Кыргызстанды тааныштырдык. Борбор Азиянын уникалдуу ашканасын дүйнөлүк рынокко сунуштап, меймандостугубузду көрсөтүп, тамак-аш философиясын түшүндүрдүк”, – дейт бренддин негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Мырзабек уулу.
Манты – постсоветтик өлкөлөрдө сүйүктүү тамак катары эсептелет, эми эл аралык аудиторияга заманбап бизнес продукт катары тартууланды. Америка коомчулугу - рестораторлордон тартып диаспораларга чейин – мантыны даамдап көрүп, жогорку баасын берди.
“Беш Манты” командасынын айтымында, көргөзмөгө келгендер гана эмес, потенциалдуу өнөктөштөр: ресторан тармагынын өкүлдөрү, halal-операторлору, АКШнын Чыгыш жана Батыш жээктеринен келген инвесторлор да кызыгуусу артып, иштешүү сунушун беришти. Ошондой эле, кадимки спектрден тышкары жаңы форматтарды жана продукттарды издеген ишкерлер да болду.
Балалыктын даамы – дүйнөлүк даамга айланды
Бул кадам кыргызстандык ишкерлердин демине дем кошту. Сапаттуу брендинг, кылдат иштелип чыккан стратегия жана ишеним болсо, кадимки продукттар атаандаштыкка жөндөмдүү дүйнөлүк бренд боло аларын “Беш Мантынын” командасы далилдеп берди.
“Беш Манты” – жаңы толкун жаратты
Борбор Азия ашканасы дүйнөлүк кулинария тармагына жакшы тааныла элек, бирок гастрономиялык трендсеттерлерди кызыкта баштады. Жаңы толкундун башында – “Беш Манты” турат: бул Кыргызстанды дүйнөлүк гастрономиялык тармагындагы ири оюнчу катары ырастаган олуттуу кадам.
Алдыда: Европа, БАЭ, Казакстан, Түркия
АКШнын рыногуна ийгиликтүү кадам ташталгандан кийин, бренд эл аралык экспансиясын андан ары кеңейтет. Алдыда – Европа, Жакынкы Чыгыш жана КМШ мамлекеттеринин рыногуна чыгуу аракеттери жүрөт. Ал эми Кыргызстандын ичинде жаңы өнөктөш жана инвесторлор менен кызматташуу улана берет.
"Биз менен иштешүүнү каалагандар үчүн эшик ачык. Бизде тажрыйба, колдоо, технология жана эл аралык бренд бар. Баары даяр", - дейт компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Бексултан Коноев.
“Беш Манты” – кыргыз ишкердигинин жаңы деми болуп калды, ал дүйнөгө уникалдуу продуктту сунуштай алды.
Бул брендди 2019-жылы Айбек Мырзабек уулу жана Бексултан Коноев түптөгөн, 6 жылдан бери ийгиликтүү иштеп, учурда 18 филиалы бар: үчөөсү Москвада.