AUCA the best 2

2025-06-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Өкмөт 100 миң сомго чейин берилген насыялардын пайыздык ченин төлөдү

«Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын декабрь айында кабыл алынган токтомунун алкагында, 385 870 насыя алуучуга 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрдү төлөө үчүн 286 383,2 миң сом субсидияланды.

 19697_1614693652_lg.730x0.jpg

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, 2021-жылдын январь айында 344 826 насыя алуучуга төлөө үчүн субсидиянын көлөмү 240 423,6 миң сомду түздү.

Эске салсак, мындай чечим COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалдан улам, Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган. Насыя алуучулардын аярлуу катмарына 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча үч ай ичинде (2020-жылдын декабры жана 2021-жылдын январь-февраль айлары) пайыздык төлөмдөрдү төлөө түрүндө жардам көрсөтүлөт.

Үстүбүздөгү жылдын февралы айы үчүн насыялар боюнча пайыздарды субсидиялоо үстүбүздөгү жылдын март айында жүргүзүлөт.

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2