AUCA the best 2

2025-05-22

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында ыкчам өткөргөн чогулуштан кийин Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ой-пикирлерин жана сунуштарын укту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
 
241271563_350461570094145_2402228631645911758_n.jpg
Негизги талкууланган маселе-жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болду. Жолугушуу учурунда элдер көйгөйлүү маселелерди көтөрүшүп, аларды чечип берүүнү суранышты. Мисалы, Керме-Тоо мунициалдык аймактык башкармалыгында өткөн жолугушууларда Ош-Ноокат багытында каттаган жеке таксисттерди тартипке келтирүүнү, Ош-Араван багытындагы, Ош шаарынан чыга беришиндеги жол боюнда токтоп турган ири жүк ташуучу унаалардан жолду бошотуп берүүнү суранышты. Ал ири жүк ташуучу унаалардын (ФУРА) жолду ээлеп, башка жол кыймылынын мүчөлөрүнө кооптуу болуп жаткандыгын айтышты. Жашоочулар милиция кызматкерлерине дагы көӊүл буруп, бөлүм менен бөлүмчөлөрдөгү автоунааларды жаӊылап берүүнү айтып өтүштү. Шаардагы ири жана кичи базарларды такай көзөмөлгө алып, бекем тартип орнотуу зарылдыгын айтышты. Жолугушууларга келген жергиликтүү жашоочулар милиция кызматкерлерине келишинче ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекет жана эл тарабынан болуусу зарыл экендигин айтып өтүштү. Милицияга чоӊ үмүт артып жаткандыктарын, айрым учурда милициянын түздөн-түз милдетине кирбесе дагы жергиликтүү милиция кызматкерлери айрым күнүмдүк маселелерди чечүүдө жардам көрсөтүп жаткандыктарын айтышты. Андан сырткары жолдордогу сызыктарды жаӊылоо, кошумча жол белгилерин, жол чырактарды коюу, базарлардагы тартипти күчөтүүнү суранышты. Туран жана Курманжан-Датка кичирайонунун тургундары мас абалында жүргөндөр көбөйүп бара жаткандыгын, аларды кайда алып барышат, алып бара турган да жай жок болгондуктан соолуктуруучу жайды ачуу керек деп суранышты.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков көптөгөн маселелерди жеринде чечип, жергиликтүү милиция кызматкерлерине дагы кошумча тапшырмаларды койду. Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милицияга ар тараптуу жардам көрсөтүп келе жаткан жашоочуларга дагы ыраазычылыгын айтып өттү. “Элдин жардамысыз-милициянын иши алдыга жылбайт. Сиздер бизге жардам берип жаткандыгыңыздар үчүн бүгүнкү кырдаал туруктуу, элибиз тынч жашап жатат. Мен дайыма барган жеримде өздүк курамга койгон биринчи тапшырмам, эл менен бекем байланышта иштеп, коопсуздукту коргоо. Биз элге таянып иштесек гана ишибиз алдыга жылат. Милиция кызматкерлеринин түйшүктүү кызматын түшүнүп, ар тараптуу көмөк көрсөтүп келе жаткан Сиздерге чоӊ рахмат»,-деди С.Өмүрзаков
Бул жолугушуулардын алкагында ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын №2,3,4 милиция бөлүмчөлөрүндө кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин абалына кызыгып, кызматтык бөлмөлөргө баш багып, алардын тиешелүү атайын каражаттар, кийим-кечек жана техникалар менен камсыздалуусу менен таанышып чыкты.
 
241577168_350462293427406_4134454953853910576_n.jpg
 

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2