AUCA the best 2

2025-06-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Сүйүнбек Өмүрзаков 52 жашка чыкты

Милициянын генерал-майору, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков бүгүн 52 жашка чыкты. Сүйүнбек Өмүрзаков 1968-жылдын 1-июль күнү Ош облусунун Ылай-Талаа айылында туулган. 1989-жылы Жалал-Абаддагы Александр Пушкин атындагы педагогикалык училищесин аяктаган.

  • 1986 – 1988 — Польша Эл Республикасында советтик армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн
  • 1988 – 1992 — Минск Ички иштеринин строй менен аракет кылуучу бөлүмүнүн Патрулдук-күзөт кызматында иштеген
  • 1996 — Беларусия ИИМнин академиясын аяктаган
  • 1997 – 1999 — Ош облустук ИИБда ыйгарым укуктуу ыкчам издөөчү
  • 1999 – 2000 — Баткен облусунун Кадамжай райондук ИИБнүн Жазык издөө бөлүмүнүн башчысы
  • 2000 – 2001 — ИИМдин Кылмыштуу топ менен күрөшүүчү башкы башкармалыктын Баткен жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу ыкчам издөөчүсү
  • 2002 – 2005 — ИИМдин Түштүк аймактар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана диний экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын үчүнчү, кийин экинчи бөлүмүнүн начальниги
  • 2005 – 2006 — Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары
  • 2006 – 2008 — ИИМдин Кылмыштуу топ менен күрөшүүчү башкы башкармалыгынын аймактык башкармалыгынын начальниги, ошол эле учурда ИИМдин КТКББнын башчысынын орун басары
  • 2008 – 2009 — Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары
  • 2009 – 2010 — Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы
  • 2010-жылы бир канча кызматтарды аркалаган: ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, Ички иштер министринин орун басары, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун директорунун орун басары
  • 2012 – 2013 — КРдин ИИМнин Орусиядагы өкүлү, Ош ички иштер башкармалыгынын башчысы
  • 2013 – 2016 — КРдин ИИМнин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын башчысы

2016-жылы КРдин Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган. Милициянын генерал-майору.

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2