AUCA the best 2

2025-05-21

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу көргөзмө ачылды

Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейинин жана А. Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин коллекциясынан Казакстандын археологиялык экспонаттары менен көркөм сүрөт искусствосунун көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

244411036_4685729264783460_1582280698587684802_n.730x400.jpg

Ачылыш салтанатка Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин төрагасы Акан Абдуалиев, парламентинин Мажилисинин депутаты Жанарбек Садыканулы, А. Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин жана Алмата шаарындагы Борбордук мамлекеттик музейинин жетекчилиги жана кеңири коомчулук катышты.

Анда улуу талаа цивилизациясынын жаратуучулары - көчмөндөрдүн маданий салттарынын жана ар тараптуу аспектилерин чагылдырган уникалдуу археологиялык экспонаттар коюлду.

Көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө өлкөнүн символикасынын ажырагыс бөлүгү болуп калган Казакстандын тарыхындагы эң атактуу археологиялык ачылыш "Алтын адам" тартууланды.

Ошондой эле, А. Кастеев атындагы Казакстандын Мамлекеттик искусство музейинин коллекциясына кирген Казакстан сүрөтчүлөрүнүн живописинин жана скульптуралык чыгармаларынын ачык мисалдары сунушталды.

Иш-чаранын жүрүшүн «Туран» казак фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти коштоду.

Эскерте кетсек, көргөзмө 8-14-октябрга чейин уланат.

244413586_4685733438116376_1631865724550789521_n.730x400.jpg

244413656_4685732634783123_2358066814279891057_n.730x400.jpg

 

244415866_4685731701449883_3228620008063979718_n.730x400.jpg

 

244417006_4685735394782847_5403057812960198884_n.730x400.jpg

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2