AUCA the best 2

2025-05-21

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Акылбек Жапаров «Кара-Кече» көмүр кечесинин ишин көзөмөлдөдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, «Кара-Кече» көмүр кечесинин ишин көзөмөлдөдү.

616d2e876eade.730x400.jpg

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Акылбек Жапаров «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын иши менен жеринде таанышты.

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти.

«Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Сиздерге белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө «Кара-Кечеде» инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл», - деди Акылбек Жапаров.

Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү иштин шартын жеринде жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мындан тышкары, көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланды.

Белгилесек, буга дейре Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан өлкө аймагында көмүргө карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Аталган чечим 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилинде көмүргө карата баанын өсүшүнө жол бербөө, калкты көмүр менен өз мөөнөтүндө жана туруктуу камсыздоо максатында кабыл алынган.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2