AUCA the best 2

2025-06-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бааланган эмгек! Президент коронавирус менен күрөштүн баатырларын сыйлады

Кыргызстанда COVID-19 илдети менен күрөшүүдөгү эмгеги үчүн дарыгерлер, мамлекеттик, күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлер, журналисттер сыйланды. Президент Сооронбай Жээнбеков 27-августта “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, “Даңк” медалы менен сыйлангандар:

Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов;

Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун «Арал» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Сапарбек Исаев;

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын № 13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Замирбек Мазаитов;

Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы Суюнбек Ниязбеков;

Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын айыл башчысы Баатыр Полотов;

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-дарыгери Ольга Сиротина;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы Жоомарт Токторалиев;

Ош шаарынын медициналык тез жардам станциясынын дарыгери Жылдызкан Торогелдиева;

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун № 7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Дамира Чарабаева.

Мындан тышкары “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” деген наам 20дан ашык медицина кызматкерине ыйгарылды.

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2