AUCA the best 2

2025-06-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

VII чакырылышка талапкерлерди тааныштырабыз: “Биримдик”

“Керээз” басылмасы алдыдагы парламенттик шайлоону утурлай талапкер партияларды тааныштырууну баштайт. Эң алгач шайлоонун дебютанты болгон “Биримдик” партиясы жөнүндө маалымат берүүнү чечтик.

Тарыхы

“Биримдик” саясий партиясы 2000-жылдардын башында санаалаштар тарабынан түптөлгөн. 2010-жылы анын мүчөлөрү Феликс Куловдун жетекчилиги астында “Ар-Намыс” партиясынын курамында парламенттик шайлоого катышышкан. Өз алдынча партия катары чоң шайлоодо алгачкы ирет ат салышып жатат.

Программасы

Партиянын идеясы – Евразиялык социалдык демократия

Максаты – Социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу

Урааны – “Күч – биримдикте”

Партияда Конституцияга ылайык курамдык талаптар сакталган. Көрсөтүлгөн 200 талапкердин 60ы – аял кишилер (башкача айтканда 30%). 35тен ашпаган талапкерлердин саны 45ти түзөт (22,5 %). Ал эми титулдук эмес улуттун өкүлдөрү – 34 (17%). Ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ичинен 2 талапкер бар.

Төмөндө партиянын тизмесиндеги алдыңкы 5 талапкер тууралуу кенен маалымат берүүнү чечтик.

№1 Акылбек Жамангулов

Жашы – 31
Кичи мекени – Кемин району
Билими – Экономист жана димломат
Акыркы ээлеген кызматы – “Альфа Телеком” (MegaCom соода маркасы) ЖАКынын башкы директору.

А. Жамангулов экинчи ирет депутаттыкка ат салышып жатат. 2015-жылы ал ЖКга “Республика – Ата Журт” партиясы тарабынан шайланган. Бирок көп өтпөй MegaCom компаниясынын жетекчиси болуп дайындалган.

№2 Улукбек Кочкоров

Жашы – 46
Кичи мекени – Баткен району
Билими – Экономист
Акыркы ээлеген кызматы – КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри

У. Кочкоровдо депутаттык тажрыйба бар – 2010-2015-жылдары “Ата Журттун” курамында 5-чакырылыштын депутаты болгон. 2017-жылы президенттик шайлоодо да өз талапкерлигин койгон. Аны жакшы тааныгандар үлгүлүү үй-бүлө кожоюну деп айтышат. 5 баланын атасы.

№3 Төрөбай Зулпукаров

Жашы – 46
Кичи мекени – Ноокат району
Билими – Тарыхчы жана юрист
Акыркы ээлеген кызматы – КСДПнын курамында ЖКнын депутаты

Т. Зулпукаров лидерлик сапаты менен айырмаланып турат. Кармашып мушташуу боюнча спорт чебери. 3 баланын атасы.

№4 Евгения Строкова

Жашы – 55
Кичи мекени – Фрунзе шаары
Билими – Педагог-психолог
Акыркы ээлеген кызматы – КСДПнын курамында ЖКнын депутаты

Е. Строкова эл агартуу тармагында мол тажрыйбага ээ. Бала бакча тарбиячысынан мектептин директорлук кызматына чейин жолду басып өткөн. Бир баланын энеси.

№5 Талас Бегалиев

Кичи мекени – Бакай-Ата району
Акыркы ээлеген кызматы – Көк-бөрү боюнча КРнын улуттук курама командасынын жетекчиси

Спортко кайдигер карабаган Талас Бегалиев өзгөчө көк-бөрүнү жана самбону кадырлайт. Анын жетекчилиги астында улуттук курама командабыз далай ийгиликтерди багынтса, жеке өзү самбо боюнча чеберлер арасында 2016-жылы Дүйнө чемпиону аталган. ИИМ системасында да эмгеги сиңген намыскөй мырза айтылуу балбан Канат Бегалиевдин бир тууган агасы болуп саналат. Пандемия мезгилинде калкка азык-түлүк таратуу менен активдүү алектенгенин да кошумчалай кетели.

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2