2025-06-14
Шайлоо 2021. Шайлоочулардын көбү Ош облусунда

Президенттик шайлоого жана референдумга добуш берүүчүлөрдүн так тизмеси 2-январда түзүлүп өлкөнүн баардык шайлоо участкаларына илинди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Ага ылайык, 10-январь күнү шайлоого катышууга 3 млн 563 миң 574 жаран укук алган.
БШК шайлоонун экинчи туру кандай учурда өтүшү мүмкүн экенин айтты

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоонун экинчи туру кайсы учурда өткөрүлүшү мүмкүн экендигин айтты.
Өмүрзаков: 450 миңдей жаран шайлоого катыша албайт

«Форма №2» ыкмасынын жокко чыгарылгандыгына байланыштуу президенттик шайлоого 450 миңдей жаран катыша албайт. Бул тууралуу узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча эксперт Арсланбек Өмүрзаков маалымат жыйында кабарлады.
Токаев мамлекеттик буйрутманын алкагында тарыхый тасмаларды тартууну тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик органдар менен телеканалдарга мамлекеттик буйрутмалардын бир бөлүгүн милдеттүү түрдө тарыхый темаларды чагылдырууга багыттоо тууралуу тапшырма берди. Бул тууралуу өлкө башчынын Egemen Qazaqstan гезитине жарыяланган макаласында жазылган.
УКМК: Шайлоо алдында кырдаалды курчуткандар жоопкерчиликке тартылат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштерин жүргүзүүдө.
COVID-19. Англияда кайрадан жалпы улуттук карантин киргизилди

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дүйшөмбү күнү кечинде Англия аймагында жалпы улуттук карантин жарыялады. Соңку апталарда өлкөдө коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп кетти.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 988 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 6-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 988 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.