2025-06-15
Өзбекстанда 2021-жыл Жаштарды колдоо жана калктын саламаттыгын чыңдоо жылы деп жарыяланат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 29-декабрда элге жана Олий Мажлистин депутаттарына кайрылып, 2021-жылды Жаштарды колдоо жана калктын саламаттыгын чыңдоо жылы деп жарыялоону сунуштады.
Новиков жана Россиянын элчиси Удовиченко кызматташтык маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуу өткөрдү.
Роналду XXI кылымдын мыкты оюнчусу аталды

"Ювентус" клубунун чабуулчусу, Португалиянын курамасынын капитаны Криштиану Роналду XXI кылымдын мыкты оюнчусу аталып, Globe Soccer Awards сыйлыгын утуп алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.
«Кара-Кечеден» көмүр уурдагандар акчасын кайтарып беришти

«Кара-Кече» көмүр кенинен 25 оор жүк ташуучу автоунаа менен мыйзамсыз түрдө көмүр чыгарылып кеткен.
ИИМ: Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго карата текшерүү башталды

КР Ички иштер министрлиги президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жактоочусу Алексей Мощиндин арызынын негизинде Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековго карата текшерүү иштерин башталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Математика боюнча республикалык олимпиаданын 1-этабынын жыйынтыктары чыкты

26-декабрда Математика боюнча республикалык олимпиаданын 1-этабы онлайн режимде болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 399 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 29-декбарда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 399 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.